"Баалары жалаң 5". АКШда 12 жаштагы бала мектепти жана колледжди бир учурда бүтүрөт

АКШда карантин башталгандан бери мектепти эрте бүтүрүүнү чечкен 12 жаштагы Майк Виммер 1 жылдын ичинде орто мектепти жана 2 жылдык колледжди бүттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Түндүк Каролина штатында жашаган Майктын чечкиндүүлүгү көргөндөрдү таң калтырган. Ал пандемиянын кесепетинен бир жылдан бери убактысын билим алууга арнаган.

Карантин учурунда мектепти эрте бүткүсү келген Виммер бир жылдын ичинде бир топ сабактарын окуп бүткөн. Майк Виммер 21-майда Роуэн-Кабррус орто мектебин жана 28-майда Конкорд Академиясынын колледжин эң мыкты баалар менен аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sajakat14
2021-04-30 03:21:21
Укмуш жаңылык экен!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан