Митингчилер президент, премьер-министрдин эл алдына чыгышын талап кылышууда

Бишкекте "Баткен, сен жалгыз эмессиң" аталышындагы митинг өтүүдө. Анда чыккан тараптар президент, премьер-министрдин жана УКМКнын төрагасын эл алдына чыгып абалды түшүндүрүп беришин талап кылышууда.

"Президент Садыр Жапаров, премьер-министр Улукбек Марипов жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев эл алдына чыксын" деп талап кылып, кыйкырып жатышат.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан чыр чыккан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shabi
2021-04-29 14:55:55
Дакансалар пир туткан адамдарынарга айтпайсынарбы,бир нерсе кылсын.Чон ызы чуу болуп кетсе кеч болуп калат.кыргыз Эл Баатыры наамын беребиз деген адамынарга айткыла.казиночунарга айткыла.кечеле митинг кылып жатпадынар беле колдоп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан