Баткен облустук бириккен ооруканасынын башкы дарыгери Азизбек Жунусовдун алдын ала маалыматы боюнча, саат 14:30да 4 жабырлануучу "Тез жардам" кызматы менен жеткирилген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
"Азыр биз кабыл алынган адамдын ден соолугунун абалын текшерип, баалап жатабыз. Толугураак маалымат кийинчерээк берилет. Дагы төртөө келди. Жалпысынан сегизөө бар", - деп айтылат маалыматта.