Премьер-министр Марипов кайда? Өкмөттөн жооп жок

Бүгүн, 29-апрелде өкмөт үйүнүн алдында Баткендеги чек ара чырына байланыштуу митинг өтүп жатат. Митингдин катышуучулары өкмөт башчы Улукбек Мариповдун Төрт-Күл боюнча айтканына түшүндүрмө берүүсүн талап кылышууда.

Социалдык тармактын колдонуучулары Улукбек Марипов чет мамлекетте экенин жазышууда.

Өкмөттүк аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Толкун Камчыбековага бир канча жолу байланыштык, бирок ал жооп бербей жатат. Колу тийбей жатканын айтууда.

Кечээ, 28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан 100-150 тургун чогулуп, чыр чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aibek_eka
2021-04-29 15:49:17
Ит бул марипов Баткенге кел малдан айырмасы жок эшек тажиктер атса сени атышсын
+4
baisogur
2021-04-29 15:58:03
Aibek_eka,оозуну байкап суйлочу ачууга алдырбай
-3
Kanybekov94
2021-04-29 15:58:58
Биздин чондор тынчыгандан кийин чыгышат некыжылуйса
+1
JaneEr
2021-04-29 16:37:32
Марипов кетсин Баткенге баралбаса !!!
+2
futboler
2021-04-29 18:05:03
Кашанын баарын чыгарган ушул, Төрт-Гүл тажиктерге карайт деп. Эми жооп берсин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан