Орусия менен Тажикстан биргелешип абадан коргонуу тутумун түзүп жатышат жана бул келишимге кол коюу пландаштырылууда. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мындан 3 күн мурун, тагыраагы, 26-апрелде Дүйшөмбү шаарына болгон иш сапарында айтканыны РИА Новости басылмасы жазды.
"Аба мейкиндигинде мамлекеттик чек араны коргоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында биз Тажикстан Республикасынын Биргелешкен аймактык абадан коргоо системасын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун даярдадык", - деген Шойгу.
Ошондой эле ал Тажикстандын Коргоо министрлигинин өкүлдөрүн Эл аралык коопсуздук боюнча IX Москва конференциясына, Эл аралык аскердик-техникалык форумга жана Эл аралык армия оюндарына чакырган.