Буга чейин Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуядан октон жараат алып, ооруканада жаткан адам каза болгону кабарланган. Маркум жаран үй-бүлөлүү, 30 жашта болгон. Бул тууралуу каза болгон жарандын кошунасы менен байланышканыбызда белгилүү болду.
Айтымында, ал маркум жаранды эртең менен оор абалда көргөн.
"Каза болгон жарандын үйү Көк-Таш айылында, менин үйүмө жакын жайгашкан. Аны эртең менен уктап жаткан жеринен коңшу тарап үйүнөн кууп чыгып, тап көрсөтүшкөн экен.
Мен көргөндө ал бир эле жерине эмес, бир нече дене бөлүгүнө ок тийгенин көргөм, абалы начар болчу. Биз анын абалынын оор экенин көрүп, Орто-Боз деген жерге чейин алып бардык, андан ары аны "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кеткен", - деди тургун.