Чек ара кызматы: "Тажикстан Кыргыз өлкөсүнүн бир нече заставасын аткылады"

Баткен районунун Головной аймагында абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Буга чейин Исфара-Ворух жолу Кыргыз өлкөсүнүн жарандары тарабынан тосулган.

Саат 14:05те Головной аймагында тараптардын аскер бөлүктөрүнүн ортосунда атышуу башталган. Атышуу учурунда Кыргыз жарандары жана аскер кызматкерлери жаракат алышкан.

Көп өтпөй саат болжолдуу бештерде тажик тарап "Капчыгай", "Миң-Булак", "Достук" чек ара бекеттерине, ошондой эле "Кожогар" жана "Булак-Башы" чек ара бекеттерине ок чыгарган. Миномёттон аткылоонун натыйжасында Баткен чек ара отрядынын "Достук" чек ара заставасынын имараты күйүп кеткен.

"Мындан улам тажик тарапка жооп катары Кыргыз өлкөсүнүн УКМКсынын "Бөрү" атайын даярдыктагы аскер бөлүгү Тажикстандын "Ходжа Аълло" чек ара заставасын басып кирди", - деп айтылат Чек ара кызматынын тараткан маалыматында.

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын аймагына эки тараптан тең кошумча күчтөр тартылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mr.altynbek
2021-04-29 19:43:59
Согуш болбосун бирок болуп кетсе барганга даярбыз мекен учун.
+6
Kanybekov94
2021-04-29 19:49:40
Биздикилер эмнеге атышпайт эки эселеп жооп беришпейби мен деле аран турам барганга даярмын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан