
Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш айылындагы чек арадан чыккан жаңжалга байланыштуу Ысык-Көл облусунун мурдагы прокурору
Сыймык Жапыкеев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
Анын айтымында, эл дүрбөлөңгө алдырбай, тынчтанып туруусу керек.
Текст өзөртүүсүз берилет:
"Урматтуу кыргыз элим, азыр дүрбөлөңгө түшпөй, тынчтанып турсак. Орозо маалында эки мусулман элинин согушканы жакшы эмес. Согуштун башы Головной суу өткөрмөсү талашка түштү. Аны Улукбек Марипов ойлонбой тажиктердики деп айтканы бар. Тажиктер Кыргыз өлкөсүнүн премьер-министри айтты деп тилден алышкан. Согуш чыкты.
Баары эле Курсан Асановду, мени генералдар барбайсыңарбы деп кекеткендер бар, достор, биз барып эмне таш менен согушабызбы? Башкы штаб, Коргоо министрлиги, УКМК, чек ара кызматы жана башка күч органдары жөнгө салышсын. Алар эмне кылышат?
Биз качпайбыз, турабыз. Кудай сактасын, согуш күчөп кетсе бирибиз калбай чыгабыз. Азырынча бийлик чечсин. Эки тараптын президенттери, өкмөт башчылары, элчилер сүйлөшсүн", - деп жазган ал өз баракчасына.