Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжал учурунда Исфара шаарынын мэри Баховаддин Баходурзоданын ийнине ок тийген. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыгышты.
"Анын абалы туруктуу деп бааланууда, тынчсызданууга негиз жок", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдын кесепетинен тажик тараптан жабыркагандардын саны 31ге жетип, үчөө каза болгондугу маалымдалды.
Аталган өлкөнүн укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, учуруда аталган аймакта абал оор бойдон калууда.