Бүгүн, 29-апрелде биринчи вице-премьер министр Артём Новиков кагылышуу орун алган Баткен облусуна барды.
Ал чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу жана изилдөө боюнча жумушчу топту жетектейт. Ошол эле учурда Новиков жыйын өткөрөрү белгилүү болду.
Буга чейин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саат 20:00дөн баштап ок атышпоо чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.