Башкы прокуратура чек арадагы жаңжал боюнча иш козгоду

Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган жаңжалдан улам кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Тажикстандын аскер кызматкерлеринин иш-аракеттери эл аралык келишимдерди бузуу менен мамлекеттин бүтүндүгүнө каршы алдын ала пландаштырылган чагымчылдык катары бааланат. 2021-жылдын 29-апрелинде бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 380-беренесинин ("тынчтыкка каршы кылмыш") реестрге Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан катталган. Сотко чейинки өндүрүш иши УКМК, Ички иштер министрлиги жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринин арасынан ведомстволор аралык тергөө тобуна тапшырылды", - деп жазылат билдирүүдө.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 84 адам жаракат алып, 3 адам каза болду.

Буга чейин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саат 20:00дөн баштап ок атышпоо чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Urmat78
2021-04-30 03:04:00
Ошондо тажиктерди кантип тергейт эленер иш козгопсунар.Же эн оной жолу озубуздукулоодон бир экоонун моюнуна илип коюшабы
+10
Pankration_MMA
2021-04-30 04:31:58
Тажиктерди аткан Кыргыздарды четинен кармап камайт эми бул шалаакылар!!!
+9
Safiya91
2021-04-30 05:10:37
Супер кж инстадан Фаруктв акаунтту көрсөңөр свежий жаңылыктарды жеткиресинер.
+5
Safiya91
2021-04-30 05:59:39
Максат айылында Уй калбадыго баарын туну менен орттошту.
+4
Luna7
2021-04-30 07:17:37
Ээнен.....н бийлик к.тун көтөргүчө эл тушоосун кесип бүткөн
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан