Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан жаңжал учурунда курман болгон аскер Эсентур Кубанычбек уулу. Ал Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында 1991-жылы туулган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аскердин жакын досу билдирди.
Маалыматка ылайык, Эсентур Кубанычбек уулу Д.Асанов атындагы аскердик лицейин бүтүрүп, андан кийин Орусиядан билимин жогорулатып келген.
"Эсентур Нарындагы чек ара заставаларынын биринде жетекчисинин орун басары болуп иштеп жүргөн. Ал Баткенге 10 күн мурун кеткен. Ал мекен дегенде жанын бергенге даяр бала болчу, Нарында акыркы эки жылдан бери иштеп жүргөн. Ал үч бир тууган, агасы жана карындашы бар. Анын сөөгү Бишкекке алынып келе жатат. Эсентур 30-апрелге караган түнү кызматын аткарып жатып каза болду", - деди досу.
Маркум Эсентур Кубанычбек уулу үй-бүлө кура элек болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Эсентур Кубанычбек уулунун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.