Курман болгондордун саны 31ге жетти. Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган окуялар бир шилтемеде (хронология)

28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуган. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач Тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан 100-150 тургун чогулуп, чыр чыккан.

Соңку маалыматтарга ылайык, ок атышуунун натыйжасында, азыркы учурга карата 134 адам жабыркап, 13 адам каза болду.

25 жаран атайын учак менен Бишкек шаарына ооруканага которулду. 86 жаран Баткен облустук ооруканага жаткырылган.

Кечке жуук эки тараптын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, саат 20:00дөн баштап толугу менен ок атышууну токтотуу жана аскер күчтөрүн мурдагы жайгаштырылган жерлерине алып кетүү жөнүндө макулдашууларга жетишилгени белгилүү болуп, бирок ок атышуу түн ортосуна жакындаганда гана басаңдаганы айтылды.

Чек арадагы учурдагы абал тууралуу акыркы маалыматтарды ушул кабардан окуп турсаңыз болот.

2021-04-30 18:56:00
Президент Садыр Жапаров менен Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Сүйлөшүү бүгүн, 30-апрелде болду.
Өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн өз ара урматтоо принциптеринин негизинде жана ынак коңшулук маанайда конструктивдүү диалог болду.
Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаалды жана аны тез арада жөнгө салуу чараларын талкуулашты. Садыр Жапаров кыргыз тарап мамлекеттер аралык маселелерди диалог жолу менен чечүүнү жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды туруктуу абалда сактап калууну колдой турганын баса белгиледи.
Президент Кыргыз-Тажик ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтык мындан ары да кыргыз жана тажик элдеринин ортосундагы салттуу жана көп кылымдык достуктун, ынак коңшулуктун негизинде ыраттуу жана жемиштүү өнүгө берерине ишенимин билдирди.
Мамлекет башчылары учурдагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышты.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрү эртең, 1-майда, Баткен облусунда өтөт.
2021-04-30 18:42:00

Премьер-министр Улукбек Марипов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда ал Ош облусуна барды.

Премьер-министр Улукбек Марипов Казань шаарында ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышып,
Ош шаарына келди.

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу жумушчу сапардын программасы өзгөртүлдү. Премьер-министр Баткен облусуна жөнөп кетет.

2021-04-30 18:06:00

Баткен жана Лейлек районундагы чек арадагы чырдан улам каза тапкан кыргыз жарандарынын саны саат 17:00гө карата 31ге жетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Чырдан 154 жаран жараат алган.

Жаракат алган 43 адам атайын учак менен Баткенден Бишкекке алынып келинип, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургиялык борборго жаткырылганы кабарланды.

Эки жабырлануучунун абалы оор, калгандары орто жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

2021-04-30 17:36:00

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы чек ара жаңжалында курман болгондордун тизмесин жарыялады.

  1. Каратаев Сагын Калбаевич, Көк-Таш айылынын 1977-жылы 26-июлда туулган тургуну;
  2. Тагаев Сүйүн Ураимович, Баткен шаарынын 1969-жылы 14-мартта туулган тургуну;
  3. Каработоев Алтынбек Жалилович, Кадамжай шаарынын 1982-жылы 18-майда туулган тургуну;
  4. Адбрахманов Баяман Гапарович, Баткен шаарынын 1998-жылы туулган тургуну;
  5. Үсөн уулу Рашид, Баткен шаарынын 1973-жылы туулган тургуну;
  6. Ганиев Жамшит Кайимович, 1990-жылы туулган;
  7. Рахматжанова Мадина, 2009-жылы туулган;
  8. Сайдаров Махаматрасул Махадасавоч, 1985-жылы туулган.
  9. Абдугапар уулу Мырза, 1991-жылы туулган
  10. Чыңгызбек Темиров, 1994-жылы туулган.

Аскер кызматкерлери:

  1. Манасбек уулу Нурсултан, 1992-жылы туулган — 2053 аскер бөлүгүнүн 3-топтун командири, капитан;
  2. Юлдашев Бекзат Давлатжанович, 1991-жылы туулган — 2021 аскер бөлүгү.
  3. Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович, 1991-жылы туулган, 2053 аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири, капитан.
2021-04-30 17:35:00

Баткенде чек арадагы кагылышууда каза болгондордун ичинде прапорщик Бекзат Юлдашев дагы болгон. Ал Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында 1990-жылы 11-майда туулган.

Ал үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакын тууганы Юлдашева Рохила билдирди.

"Аскер кызматында иштеп жүргөнүнө 8 жыл болгон. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу. Өзүнүн кызы 1-класста окуйт, андай кийинки уулу 6 жаш, андан кийинкиси 6 айлык. Инимдин апасы мугалим болуп эмгектенет, ал эми атасы бухгалтер болуп иштеген. Иним жогорку окуу жайды Бишкекте аяктап келген.

Ал элдин тынчтыгы үчүн жүгүруп кызмат кылган адам болчу. Мээримдүү, кайрымдуу бала эле. Ар дайым көңүлү ачык жүрчү. Сөөгү Баткенден Исфанага келе элек. Мындай кайгыны эч кимдин башына салбасын", - деп жыйынтыктады ал сөзүн.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Бекзат Юлдашевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 

2021-04-30 17:13:00

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчулук кылууга даяр экендигин анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

"Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) жана ушул сыяктуу жалпылыгыбызды эске алганда Путин кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчулук кылууга даяр. Ал буга чейин дагы мындай кырдаалдарда ортомчулук кылып келген. Учурда эки өлкө ортосундагы дипломатиялык иштерге жана ок атууну токтотуу чечимине оң баа берип, кубаттайбыз",- деди мамлекет башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков жыйында.

2021-04-30 16:53:00

Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышууда Интернационал айылында 13 жаштагы Мадина Рахматжанова каза болду. Ал кечээ апасы менен качып келе жатканда миномёттон ок жаап, жаракат алган.

"Кыздын апасы экөөнө ок тийген. Ал ооруканага жетпей каза болгон. Ал эми апасын Бишкек шаарына ооруканага алып келишти", - деп SUPER.KG порталына кыздын агасынын достору билдирди.

Алардын айтымында, кыздын Москвадагы агасы жолго чыкканга даярданып жатат.

2021-04-30 16:23:00

Баткенде чек арадагы кагылышууда каза болгондордун ичинде №2053 аскер бөлүгүнүн 3-топтун командири, капитан Нурсултан Манасбек уулу да болгон. Бүгүн анын сөөгү өзү туулуп-өскөн Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Дейрес-Сай айылына жөнөтүлдү.

Маркумдун Бексултан аттуу досу анын Баткенде бир жылдан бери иштеп жаткандыгын, үйлөнө электигин SUPER.KG порталына билдирди.

"Кабарды бүгүн угуп аябай жаман болдук. Нурсултан менен бир класста чогуу окуп, бирге чоңойгонбуз. Мүнөзү ачык, шайыр эле. Өзү да күлүп, жанындагыларды дагы күлдүрүп жүрчү. Жогорку окуу жайды Бишкектен окуп бүткөн. Баткенде бир жылдан бери иштеп жаткан. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын үчүнчүсү, үйлөнө элек болчу. Азыр сөөгүн жолдо алып келип жатышат. Биз үйүндөбүз, бул жактагылар угуп, боз үйүн тигип койдук", - дейт маркумдун досу.

2021-04-30 15:59:00

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжал Кыргыз тараптын кызыкчылыгындагы иш эмес. Анткени Душанбеде Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны өтүп жаткан маалда чыкканы Тажикстан үчүн ыңгайлуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу Борбор Азия чөлкөмү боюнча эксперт Аркадий Дубнов “Настоящее время” каналына билдиргенин "Азаттык" жазды.

“Кыргыз өлкөсүнүн жетекчилиги туруктуу болбой турган жагдайда, УКМКнын жетекчиси Ташиев ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө кеткен учурда өлкө аскердик аракеттерди баштоого кызыкдар болмок беле?

Бул алардын кызыкчылыгындагы иш эмес деп ойлойм. Азыр мендеги маалыматка караганда, тажик тарап оор техника менен минамет, тик учактарды колдонгону айтылып жатат. Өтө ыкчам башталган аскердик аракеттердин артында Тажикстандын Ворух анклавы менен байланыштырган жолду көзөмөлдөө үчүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн” - деп билдирген Дубнов.

2021-04-30 15:55:00

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Эки тарап тең бири-бирине пикирлерин ачык айтып, кырдаалды турукташтыруу боюнча реалдуу кадамдарды жасап жатышат. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Анда облус башчылары буга чейин макулдашкандай, биринчи кезекте ок атууларды толугу менен токтотууну жана кагылышуулардан жапа чеккен аймактардан өздөрүнүн аскердик күчтөрүн алып чыгып кетүүнүн аракетин көрүшүүдө.

Ошондой эле эки тараптан тең тосулган унаа жолдорун ачып, каттамды калыбына келтирүүнү сүйлөшүшкөн.

Азыркы тапта аймакта ок аткан учурлар жок.

2021-04-30 15:01:00

Бүгүн, 30-апрель күнү тышкы иштер министр Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен телефон аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнүндө сүйлөштү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Казакбаев тараптар ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишкенин жана кырдаалды дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууга ниеттенгендигин билдирген. Андан сырткары, ушул жылдын 29-апрелиндеги окуялардын жүрүшү жана Кыргызстандын чек ара аймактарындагы учурдагы абал жөнүндө маалымат берген.

"Атайын өкүл Буриан тараптардын ок атышууну токтотуу макулдашуусун жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын Согди облусунун чек ара аймактарындагы куралдуу чыр-чатакты ыкчам түрдө жөнгө салуу боюнча Протоколго кол коюусун кубаттады. Ошол эле учурда, ал кырдаалды тынчтык жөнгө салуудагы кыргыз тараптын салымын өзгөчө белгиледи. Элчи Буриан Европа Биримдигинин учурдагы аймактык жана эки тараптуу программаларынын алкагында Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

2021-04-30 14:58:00

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 30-апрелде Кыргыз президенти Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу SUPER.KG порталы президенттик аппарат менен байланышканда белгилүү болду. Анда Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал талкууланган.

2021-04-30 14:54:00

Сүрөтчү Татьяна Зеленская өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Баткендеги чек арада болуп жаткан кагылышууларга байланыштуу өзүнүн эмгегин жарыялады.

Сүрөтчү "Мындайга жол бербөө керек! Согушту токтоткула! Баткен, мен сени менен!" деген билдирүү менен коштогон.

2021-04-30 14:46:00
Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдын ырбап, трагедияга айланышына бийлик жол ачып койду. Кырдаалга шалаакы мамиле жасалып, күжүрмөн даярдык болгон жок. Ошондой эле чыр ырбап турган учурунда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин жок болгону акыбалдын оорлошуна алып келди. Бул тууралуу чек ара маселесин ичинен билип, кырдаалга көз салып турган саясий эксперт, көз карандысыз журналист Айданбек Акматов SUPER.KG порталына маек берип жатып айтты.

Айтымында, абалдан азыр да чыгууга аракеттер көрүлүш керек, бирок чырдан көп адамдардын жаракат алып каза тапканы, айылдар күйүп күлгө айланганы өкүнүчтүү болуп турат.

Толук маек ушул шилтемеде.

2021-04-30 14:02:00

Бүгүн, 30-апрелде саат 13:20да УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тажик тарап менен сүйлөшүп чыкты. Андан кийин журналисттерге комментарий берди.

"Тажикстандын УКМКсынын башчысы менен жолуктук. Жолугушуу жакшы болду. Нейтралдуу жерде жолуктук. Баары жакшы болот. Президентибиз менен биргеликте бардык маселелер чечилип жатат. Бүгүн кечке чейин абалды турукташтырабыз", - деди Ташиев.

2021-04-30 13:54:00

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 30-апрелде практикалык жардам көрсөтүү максатында Баткен облусуна учуп кетти.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, Алымкадыр Бейшеналиев менен бирге эки хирург, нейрохирург, нейротравматолог, кан-тамыр хирургу, бет-жаак боюнча хирург эки анестезиолог-реаниматолог жана травматолог жөнөт кетти.

Түзүлгөн топ Улуттук госпиталдын жана Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун адистеринен түзүлдү. Алар Исфана шаарына барышарын билдиришти мекемеден.

2021-04-30 12:23:00

Интернет желесине Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам Орусия Кыргыз өлкөсүнө жардамга кол сунду деген видео тарады. Тагыраагы, видеонун автору Москва шаарындагы танктардын жүрүшүн тартып, техника Кыргыз өлкөсүнө жардамга жөнөтүлүп жатканын айткан.

"Урматтуу кыргыз элим! Москвадан Кыргыз өлкөсүнө аскердик техникалар кыргыз желеги менен жардамга жөнөтүлүп жатат. 100дөй танк Баткенге кетип жатат. Күтүп алгыла, кыргыз элим!", - деген ал.

Бул боюнча Башкы штабдын басма сөз кызматына байланышканыбызда, социалдык тармактарда жайылып жаткан жогорудагы видео фейк экенин билдиришти.

"Бул видео маалымат калп. Мындай болушу мүмкүн эмес, бизге Москвадан эч кандай техника келбейт. Балким, 9-майга карата техникалык даярдык жүргүзүлүп жаткан болушу мүмкүн", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.

2021-04-30 12:17:00

Коңшу Тажикстан менен болгон кагылышууда каза болгондордун үчөө аскер кызматкери. Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан тастыкташты.

"Акыркы маалыматтарга ылайык, чек ара кыгылышында 20 аскер кызматкерлери жаракат алса, тилекке каршы, 3 аскер кызматкери каза болду. Жаракат алгандардын ичинен экөөнүн абалы оор", - деп билдиришти чек ара кызматынан.

Маалым болгондой, каза болгон аскерлер УКМКнын "Бөрү" атайын багытындагы отряддын аскерлери кечээ Тажик тараптын аракеттерине жооп катары алардын бир заставасын алышкан.

2021-04-30 12:02:00

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев сүйлөшүүгө Тажикстанга жөнөп кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.

2021-04-30 11:18:00

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кызматтан кетишин талап кылган "Ислох" сайтынын башчысы Мухаммадикболи Садриддин баштаган эстафетасын Тажик жарандары колдоп жатышат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары жазып, атүгүл видео жарыялашты.

Анда "Эмомали Рахмон дээрлик 30 жылдан бери кландык башкаруусун күчөтүп, тууган-уругу менен Тажикстанды жок кыла турган болду. Мамлекетти карызга батырды, коңшу өлкөлөр менен достугубузду жок кылды. Буларга импичмент жарыялансын", - деп билдиришкен.

2021-04-30 11:15:00

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ташиевдин жанындагылар билдирди.

УКМКнын төрагасы саат 10:00дө Баткенге барды.

2021-04-30 10:58:00

Баткендин Лейлек районуна караштуу Интернационал айылынын башчысы барымтага алынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында Тажик Республикасынын аскер кызматкерлерине тиешелүү болгон аскер техникалары айылды аралап жүрөт.

Интернационал айылынын Кыргыз жарандарына тиешелүү болгон “Жилой дом” участкасындагы Кыргыз жарандарына тиешелүү болгон турак-үйлөргө Тажик Республикасынын аскер кызматкерлери кирип алган.

Ошол участкага жакын аймакта Кыргыз жарандарынын экөө каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айыл башчысы барган учурда Тажик жарандары аны барымтага алып алышкан.

2021-04-30 10:47:00

Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан улам коңшу өлкө 20дан ашуун жаранын жоготту. Андан тышкары 200дөн ашуун адам жаракат алганын тажикстандык "Азия-Плюс" басылмасы жазып чыкты.

Мындай маалымат эртең мененки саат 07:15ке карата алынып, Исфара жана Бобожон Гафуров районунда жаракат алгандардын саны 90дон ашуун болсо, 10дон ашык адам каза болгон.

2021-04-30 10:13:00

Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан жаңжал учурунда каза болгон аскер Эсентур Кубанычбек уулу. Ал Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында 1991-жылы туулган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аскердин жакын досу билдирди.

Маалыматка ылайык, Эсентур Кубанычбек уулу Д.Асанов атындагы аскердик лицейин бүтүрүп, андан кийин Орусиядан билимин жогорулатып келген.

Маркум Эсентур Кубанычбек уулу үй-бүлө кура элек болгон.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Эсентур Кубанычбек уулунун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

2021-04-30 09:47:00

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Зась Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн чек арасындагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү керектигин билдирди

"ЖККУ бул чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатат. Тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаал тыкыр көзөмөлгө алынып, иликтенип жатат. Бүгүн Дүйшөнбү шаардык ЖККУнун Башкы катчысы Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн коопсуздук кеңештеринин катчылары Насрулло Махмудзода жана Рыскелди Мусаев менен учурдагы кырдаалды талкуулады", - деп билдирген уюмдун маалымат катчысы Владимир Зайнетдинов.

2021-04-30 09:27:00

Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чырдан улам эвакуация болгон жарандарды кабыл алган алты пункт иштеп жатат. Ошондой эле алар коопсуз жерге жайгашкан жана тамак-аш жетиштүү.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова кабарлады. Айтымында, эвакуация болгон жарандарга гуманитардык жардамдар жеткирилип жатат.

"Жалпысынан 2-3 миңдей адам эвакуация болду. Алар Баткен районунун Кызыл-Бел жана Көк-Таш айылдарынын тургундары, негизинен аялдар, балдар жана кары-картаңдар", - деди Бердигулова.

2021-04-30 09:11:00

Жергиликтүү тургундардын айтымында, түнү менен октун үнү токтогон эмес. Баткендин Лейлек районундагы бир нече айылдагы үйлөр өрттөлгөн. Айрыкча атышуулар Лейлектин Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка, Достук, Жаштык айылдарында болгон.

"Ал эми Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат айылында Кыргыз жарандарынын үйлөрү өрттөлдү. Бул жактагы жергиликтүү жашоочулар Бешкент айыл өкмөтүндөгү Маргун, Дархун, Даргас айылдарына жайгаштырылды",- дешти облустук милициядан.

2021-04-30 08:45:00

Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган жаңжалдан улам Тажикстандын 150дөн ашуун жараны жаракат алып, 7 жаран каза болду. Бул тууралуу Тажикстандын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kanatt
2021-04-30 12:28:41
Ташиев журо бер Ташкентке барып жалдырап, Тажике барып жалдырап канча уйлор куйуп кетти эмнеге алардыкы куйбойт
0
AruuKasi
2021-04-30 13:16:42
kanatt,Качан болсо нараазысынар, барбаса дагы айтасынар мынча тугонгон калк болбосок! Итибизднн битибизге чейин саясатга аралашып кеттик иштей турган адам келсе аныда кудулап талайсынар
+4
Gulina90
2021-04-30 12:47:51
Булар телефондо истефо деп журушотко.Жапжаш балдарды жоготтук,кан уктатпасын Рахмоналини.
+6
Gulina90
2021-04-30 16:12:58
Биз бирөөгө тийишпей биз,тийишкендин катыгын беребиз.
+2
Spb
2021-04-30 18:55:07
Кыйынбы деймда тажикстаеды 50жылга жаап салса болмоко киргенин депорт кылып лолулор менен мамиле кылбай еле койсо болмок не кереги бар тажиктин бизге Бул президент деле кыйратпайтко ондон коро Жеенбеков болуп еле турганы жакшы еле олдон деле кееде соз чыгат кееде соз чыкпачу еле бул деле ошондой нерсего
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан