Бүгүн, 30-апрелде Жалал-Абад шаарында эки кабаттуу үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 4 адам каза болгону маалымдалган. Тилсиз жоо бүгүн эртең мененки саат 08:30 чамасында катталган.
Каза болгон 4 адамдын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 27 жаштагы келин 3 баласы менен каза болгон. Балдары: 2016, 2019 жана 2021-жылы туулган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча эртең менен келиндин жолдошу жана кайненеси конокко кетишкен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканын кошумчалашты.