
Спорттук күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы 6-9-май күндөрү София шаарында (Болгария) өтө турган лицензиялык дүйнө мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-9-май күндөрү грек-рим күрөшү боюнча курама команда мелдешке катышат:
1. Амантур Исмаилов, ЭДСЧ, 67 кг;
2. Мурат Рамонов, ЭДСЧ 130 кг;
3. Азат Эркимбаев, башкы машыктыруучу;
4. Улукбек Карачолоков, улук машыктыруучу.
4-8-май күндөрү эркин күрөш боюнча курама команда мелдешке катышат:
1. Алмаз Сманбеков, СЧ, 57 кг;
2. Арсалан Будажапов, ЭДСЧ, 74 кг;
3. Саякбай Усупов, СЧ, 86 кг;
4. Айаал Лазарев, ЭДСЧ,125 кг;
5. Сүймөнкул Таабалды уулу, улук машыктыруучу;
6. Ислам Тазабеков, улук машыктыруучу.
Белгилей кетсек, курама команда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык иш сапарга жөнөтүлөт.