Израилде диний фестивалда чоң тыгын жаралып, ондогон адамдар каза болду

Израилдин түндүгүндөгү диний фестивалда пайда болгон тыгындын кесепетинен 44 адам каза болуп, жүздөн ашуун адам жаракат алышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар билдиришти.

Окуя Галилеядагы Мерон тоосундагы Лаг Б'Омер майрамы учурунда болуп, ага он миңдеген адамдар келишкен. Күбөлөрдүн айтымында, эл жыш жайгашкан имаратта адамдар тумчугуп, айрымдары тебелендиде калышкан.

Дарыгерлер тыгындын кесепетинен 103 адам жаракат алышкан, алардын арасында балдар дагы бар экенин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан