Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында "балдарды уруп жатат" деген аталышта социалдык тармактарга тараган мугалимдин видеосу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-апрель күнү Өзгөн районунун Куршаб айылында жайгашкан Ленин атындагы №5 орто мектебинин класстык бөлмөсүндө, англис тил мугалими, 9-в классынын 60 жаштагы класс жетекчиси 9-класста окуган 5 окуучуну ишембиликке чыкпаганы үчүн уруп сабаган.
Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган мугалим өз көрсөтмөсүндө төмөндөгүлөрдү билдирген: мен аталган класска 5-классынан баштап класс жетекчи болуп иштеп келем. Ал класстын мектептин эшигинин алдында өздөрүнө бөлүнгөн жер тилкеси бар. Ал жер тилкеде 23-апрель күнү сабак бүткөндөн кийин тазалап, ишембилик кылыш керек болчу, бирок сабактан кийин алар үйлөрүнөн иш кылганга эч кандай буюмдарын алып келбей, иш кылбай кетип калган болчу.
Анан 24-апрель күнү ал жер тилкени өзүм тазаладым. 26-апрель күнү ошол жердеги гүлдөргө суу куялы деп окуучуларыма чакага суу алып келип бергиле десем, айтканды кылбай качып кетип калышты. Мен жиним келип аларды доскага чыгарып тизип, айтканды кылбай койгону үчүн беш баланын ар биринин баштарына бирден колум менен урдум. Калгандары качып кетип калышты", - деп билдирген ал өз көрсөтмөсүндө.
Бул окуя боюнча өспүрүмдөрдүн ата-энелери арыз жазуудан баш тартышкан. Учурда мугалимдин бул аракетине баа берүү максатында райондук билим берүү тармагынын жетекчилиги тарабынан кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Топтолгон материалдын негизинде андан ары чара көрүлөт деп жазылат маалыматта.