Өкмөт башчы Улукбек Марипов кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды

Казань шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Улукбек Марипов Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралдуу кагылышуу болуп өттү. Биз Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода менен түзүлгөн кырдаалды талкуулап, аны саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен жөнгө салууга даяр экендигибизди билдирдик.
Кыргыз тарап ок атууну токтотуу жана мындан ары конструктивдүү сүйлөшүүнү улантуу, чек арадагы кырдаалды тез арада токтотууга багытталган белгиленген чараларды ишке ашыруу тууралуу жетишилген макулдашууларды оңдуу кабыл алууда.
Орусия федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин билдиргендей, бүгүнкү күндө биз өз алдынча көз карандысыз мамлекеттерди түзүп тургандыгыбызга карабастан биздин жалпы тарыхыбыз, салтыбыз бар жана биз келечекте өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсү жана элибиздин бакубаттуулугу үчүн жакшы коңшулук, достук мамилелерибизди сактап, аны кеңейтүүбүз керек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Afrodita1993
2021-04-30 15:26:02
Акаев, Момбеков деген тили буудай кууруган креслочулар барбайбы экен
+3
Aibek_eka
2021-04-30 15:28:48
Марипов ит екенсин кашаны кайнатып койуп журушун кара зоорук саткын
+9
Dembele84
2021-04-30 15:31:31
Марипов каша кылды баарын
+8
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-04-30 15:34:38
ордуна башка адамга бошотуп берчи сени эл колдобойт призидент колдогону менен
+10
Shabi
2021-04-30 15:38:10
Силер тынчтык жолун кутуп олтурсанар.Тажиктер уже кыргыздардын бир айылын алып,уйлорду бузуп чек араны чонойтуп койду.урматсыз элиталар
+11
ruslan868600
2021-04-30 15:41:05
сүрөткө түшүп жүрө бер кыйратып жаткансып...
+11
Nina.alex
2021-04-30 15:48:51
Эч Бир пайдасы жок премьер болду го
+6
Kanybekov94
2021-04-30 16:01:47
Каяктан чыга калды кече куну жок деп атты элего
+4
zam81
2021-04-30 16:15:49
Баарын баштап койуп суйлогонун кара булжаккта адам олуп уйлорун бузуп жатат жооп берсин баарына
+4
Nur777
2021-04-30 16:47:04
Ушунун баары сен учун болгонун сезип койбойт экенсин го Марипов!!!
Олгон бир туугандарыбыздын каны сенин моюнунда!!!
Такталбаган маалымат тараттын эле тажиктер сразу созунон кармап чек араны басып алышты премьер айтты деп.согуш баштап атышат мына!
+4
futboler
2021-04-30 17:04:56
Буга кылмыш ишин козгоп сотко бериш керек, мамлекетке чыккынчылык кылды деп. Баарынын кашасын ушул чыгарды. Тажиктер сразу ошол сөздөн кийин суу, жер бизге карайт турбайбы деп чыгышты. Эркек болсо кызматын тапшырыш керек. Мамлекеттик кызматта иштегенге моралдык укугу жок.
+4
amirrus
2021-04-30 18:03:05
Буну камаш керек , ишине татыксыз ансыз деле мунун кызмат орду жоюлат аз калды, жоопкерчилик болуш керек да, тынчтык болгуча келип отур ошол атышып жаткан жерге келип эркек болсон...Кооз суйлоп жээкте турбай келип тургула ушундай маалда чиновниктер
+1
Aiymkan89
2021-04-30 18:58:50
Кайран бей куноо жаш балдар олуп калды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан