Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова 2-3 күндөн бери уктабай, Баткендеги туугандарына кабатыр болуп жатканын айтат. Баткенде тууган, куда-сөөктөр көп деген ырчы кыскача буларга токтолду.
"Чындыгында, эки-үч күндөн бери уктабай, жакындарыбыздан кабар алып жатабыз. Көпчүлүгү эвакуацияланды. Аларга азыр ар тараптуу моралдык, психологиялык жардам керек. Абал жакшы эмес. Ар кандай маалыматтарды угуп жатабыз. Барымтага алынгандар бар дешүүдө, коңшулар буга чейин адамдарды уурдап, барымтага алып көнүп калышкан. Барымтага алынгандар деле көп болсо керек, азыркы ызы-чууда билинбей жатат", - дейт ал.
Ырчы үй-бүлөсүнүн атынан баткендиктерге азык-түлүк жеткиргенин белгиледи.
Самара Каримова 1991-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Куралдуу салгылашуунун кесепетинен кыргыз тараптан 154 жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алса, 31 адам көз жумду.