Жеңиш күндүн урматына арналган ат оюндары өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жана Тажикстан Республикасы менен болгон чек ара маселесинен улам Талас облусунда 4-9-май күндөрү өтө турчу Жеңиш күндүн урматына арналган ат оюндары өткөрүлбөйт. Ошондой эле Ош шаарында өтө турган ат чабыш да токтотулду.