Баткенде чек арадагы кагылышууда каза болгондордун ичинде прапорщик Бекзат Юлдашев дагы болгон. Ал Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында 1990-жылы 11-майда туулган.
Ал үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакын тууганы Юлдашева Рохила билдирди.
"Аскер кызматында иштеп жүргөнүнө 8 жыл болгон. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу. Өзүнүн кызы 1-класста окуйт, андан кийинки уулу 6 жашта, кичүүсү 6 айлык. Инимдин апасы мугалим болуп эмгектенет, ал эми атасы бухгалтер болуп иштеген. Иним жогорку окуу жайды Бишкектен аяктап келген.
Ал элдин тынчтыгы үчүн жүгүрүп кызмат кылган адам болчу. Мээримдүү, кайрымдуу жигит эле. Ар дайым көңүлү ачык жүрчү. Сөөгү Баткенден Исфанага келе элек. Мындай кайгыны эч кимдин башына салбасын", - деп жыйынтыктады ал сөзүн.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Бекзат Юлдашевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышууда кыргыз тараптан 31 адам көз жумган.
Анын бири №2053 аскер бөлүгүнүн 3-топтун командири, капитан Нурсултан Манасбек уулу да бар эле. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Дейрес-Сай айылында туулган.
Ошондой эле дагы бир каза болгон аскер Эсентур Кубанычбек уулу. Ал Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында 1991-жылы туулган.