АКШ элчилиги орусиялыктарга виза берүүнү токтотот

АКШнын Орусиядагы элчилиги кызматкерлерге карата жаңы чектөөлөрдөн улам көрсөтүлгөн кызматтардын тизмесин кыскартып жатат. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 12-майдан тарта элчилик америкалыктар үчүн гана иштей баштайт. Башка өлкөлөрдүн жарандарына консулдук кызмат көрсөтүлбөйт: орусиялыктарга иммиграциялык эмес жана дипломатиялык эмес мүнөздөгү виза берүүнү да токтотушат.

Жакынкы мезгилде Москвадагы элчилик дагы катардагы нотариалдык кызматтарды көрсөтпөйт, чет өлкөгө туулгандыгы тууралуу документтерди бербейт жана паспортторду жаңыртпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2021-05-01 09:37:00
Бизда ушундай чараларды корушубуз керек ок атышуу жок эле чек араны жабып мамилени токтотуп туруш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан