Жарандык активист Тилекмат Куреновдун иши боюнча тергөө аяктап, сотко жиберилди

Жарандык активист Тилекмат Куреновдун иши боюнча тергөө аяктап, иш сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тергөө аяктап Свердлов райондук сотуна жиберилди.

"Тилекмат Куреновго карата 310-берене "бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар", 264-берене "массалык баш аламандык" жана 192-берене "добуш сатып алуу аракети" менен козголгон иш боюнча тергөө аяктады", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан.

Эске салсак, Тилекмат Куренов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу "бийликти күч менен басып алууга чакырган” деген айып менен кармалган. Ага карата Жазык кодексинин 310-беренеси "бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" жана 264-беренеси "массалык баш аламандык" боюнча иш козголгон.

Буга чейин Башкы прокуратура Тилекмат Куреновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карай турганын Жогорку Кеңештин жыйынында көзөмөл органынын башчысы Курманкул Зулушев билдирген болчу.

26-апрелде ал үй камагына чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан