"Токио-2020": "Акыркы мүмкүнчүлүк". Кыргыз балбандары Болгарияда өтө турган лицензиялык турнирге катышат

6-9-май күндөрү Болгариянын борбору София шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу боюнча дүйнөлүк лицензиялык турнир өтөт. Бул тууралуу күрөш федерациясынан кабарлашты.

Ага ылайык, лицензиялык турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан күрөштүн грек-рим түрү боюнча 2, эркин күрөш боюнча 4 жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 1 балбан кыз катышат.

Лицензиялык турнирге катыша турган кыргыз балбандарынын тизмеси: Эркин күрөш боюнча: Алмаз Сманбеков - 57 килограмм;

Арсалан Будажапов - 74 килограмм;

Саякбай Усупов - 86 килограмм;

Айаал Лазарев - 125 килограмм.

Сүймөнкүл Таабалды уулу машыктыруучу;

Ислам Тазабеков - улук машыктыруучу.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча: Нураида Анаркулова - 57 килограмм;

Башкы машыктыруучу - Нурбек Изабеков.

Грек-рим күрөшү боюнча: Амантур Исмаилов - 67 килограмм;

Мурат Рамонов - 130 килограмм.

"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндары быйыл 23-июлдан 8-августка чейин Япониянын борборунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ErkinOkenovich
2021-05-01 09:21:15
Балбандарыбызга ийгилик каалап,жеңиш менен кайткыла демекчимин.Аллахым күч кубат берсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан