Чек ара: Баткендеги учурдагы абал айтылды

Бүгүн, 1-май саат 9:00гө карата Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аталган аймакта түндө ок атышуу катталган жок.

"Баткен облусунун Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал турукташты. Ош-Исфана унаа жолу, Жака-Өрүк, ошондой эле жергиликтүү Төрт-Көчө жолдору тазаланып, ачылды.

Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны көзөмөлдөөдө", - деп жазылат маалыматта.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 154 адам жаракат алып, 31 адам каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан