Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 1-2-май күндөрү Кыргыз Республикасында жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 29-30-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында дагы, аскер кызматкерлер арасында дагы көптөгөн курмандыктар жана жаракат алгандар болду. Ошондой эле куралдуу кагылышуу тургундарга жана юридикалык жактарга ири өлчөмдө мүлктүк зыян келтирди.
"Курман болгондорго терең кайгыруу менен алардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен төмөндөгүдөй токтом кылынат:
— 2021-жылдын 1 жана 2-май күндөрү Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялансын;
— Бул күндөрү өлкө боюнча, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары түшүрүлсүн;
— Бул күндөрү маданий мекемелерге жана телерадиокомпанияларга көңүл ачуучу программаларды өткөрбөө жана берүүлөрдү бербөө сунушталсын;
— Өкмөттүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрсүн", - деп жазылат маалыматта.