Улан Ниязбеков Тажикстандын ички иштер министри менен сүйлөштү

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Тажикстан Республикасынын ички иштер министри Рахимзода Рамазон Хамро менен Баткен облусундагы кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар чек ара аймактарында коомдук тартипти орнотуу, ар кандай укук бузууларды алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кыргыз жана тажик милициясынын кайгуул-күзөт кызматын уюштуруу тууралуу пикир алмашышты.

Мындан тышкары Улан Ниязбеков Тажикстандын Ички иштер министрлигинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулло Навджувонов жана Исфара районунун ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары менен чек ара аймактарындагы кырдаалды жөнгө салуу жана турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-05-01 10:50:29
ал менен суйлошту бул менен суйлошту деп алдай бербей чек ара маселесин чечкиле
+2
Shaa-82
2021-05-01 11:49:55
Булар эми ойгондубу уже баары талкаланып буткондо?
0
Omyke
2021-05-01 14:33:59
ИТ экенсинер МВД Торот таджике алынар жетбеди же эле бербеди уруксат
0
Pankration_MMA
2021-05-01 16:05:21
Без толк эле сүйлөшүүлөр, эч пайда жок!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан