Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы Баткен элине 100 тоннадан ашык гуманитардык жардам көрсөттү

Бишкек шаардык мэриясы Баткен облусуна 100 тоннадан ашык гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов төмөнкүлөрдү билдирди.

"Баткен элине суммасы 6 миллион сомду түзгөн 100 тоннадан ашык тамак-аш азыктарын гуманитардык жардам катары жөнөтүп жатабыз. Мындан тышкары Бишкек шаардык мэриясындагы бардык түзүмдөр бир күндүк маянасын которушту. Бул 2 миллион сомго жакын болот. Каражатты өкмөттүн атайын эсебине которуп беребиз. Азыр баарыбыз баткендик туугандарыбызды колдошубуз керек", - деп билдирди Бактыбек Кудайбергенов.

Мындан тышкары Бишкек шаарынын 4 районунда гуманитардык жардамды кабыл алуу бөлүмдөрү ачылды. Ал жерге каалоочулар көмөк көрсөтө аларын кошумчалап өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ulia...
2021-05-01 16:19:18
10 кишиге чейинки адамдарды уй эсии карйт экен деп гум жардам бербей койду а биз 6 киши уй эсинин дагы тамак ашы тугонотда
0
Ulia...
2021-05-01 16:19:44
Лейлек району Исфана шаары
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан