1-майга карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесиндеги абал туруктуу.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда чек ара аймагындагы кырдаал толугу менен көзөмөлгө алынды. Өткөн түнү эч кандай ок атышуу катталган эмес. Милиция кызматкерлери тарабынан посттор орнотулуп, чек ара аймактарынын жергиликтүү калкы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарындагы кырдаал турукташып, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында милиция кызматкерлери, облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы менен биргеликте ички аскерлер жана башка күч структуралары коомдук тартипти чыңдап жатышат.