Коопсуздук боюнча эксперт: "Кыргыз өлкөсү жабырлануучу катары Тажикстанды эл аралык сотко берүү керек"

Тажикстандын жарандары Головной, Көк-Таш менен эле чектелбей Лейлек районундагы үйлөрдү, застава, мектеп жана бир топ имараттарды өрттөп, талкалашты. Ал эле эмес, жаш балдарга да кол салды. Аларда эмне айып? Өспүрүмдөрдө эмне айып? Имараттарда эмне айып? Бул эл аралык деңгээлдеги кылмыш, фашисттер да мындай кылмак эмес.

Бул тууралуу генерал-майор, коопсуздук боюнча эксперт, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков SUPER.KG порталынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Айтымында, кыргыз тарапта эл аралык "Женева" сотуна кайрылууга толук мүмкүнчүлүк бар.

"Тажикстандын жаш балдарды атканын бүт дүйнө жүзүнө маалымдап, эл аралык "Женева" сотуна кайрылуу керек.

Атайын биргелешкен комиссия түзүп, өрттөнгөн үйлөрдү, чек ара заставаларын, мектеп, дүкөн, банктардын чыгымдарын эсептеп, Тажикстанга доомат коюш керек. Анткени жаңжал биздин аймакта болуп жатат, жабырлануучу бизбиз. Кыргыз тарап Тажикстанга кирип барган жок, алгач алар кирип келип чабуул жасап жатышат.
Азыр өлкөнүн түштүк аймагынын коопсуздугун күчтөндүрүү бүгүнкү күндүн негизги талабы болуп турат.

Ата мекендик ЖМКлар бирдиктүү болуп, социалдык тармактарда так маалыматтарды берип турушу мезгил талабы. Эл аралык маалымат айдыңында биз артта калып, уттуруп койбошубуз керек.

Кыргыз өлкөсү бүгүн бийлик кандай болбосун, ким күнөөлүү, ким эмне кылды деп териштирип отурбай, биримдикте болушубуз керек! Мекенди коргоо үчүн баарыбыз бир бүтүн, ынтымактуу болсок ушуга окшогон талаш-тартыш, согуштардан жеңип чыгып кетүүгө шарт түзүлөт.
Убагында согуш болуп турган учурларда эл аралык "Женева" сотуна кайрылган өлкөлөр болгон. Бизде да ал жакка кайрылууга толук мүмкүнчүлүк бар. Анткени ал сот адамзатка каршы кылмыш же агрессия болсо аны карайт. Эмне үчүн коңшу тарап кыргыз тараптын үйлөрүн өрттөп, ызы-чуу салат. Ким билет өрттөлгөн үйлөрдүн ичинде адамдардын бар же жок экенин. Баары турукташканда бул такталат", - деди Медетбеков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Rusbayastan
2021-05-01 11:05:09
Бийдин бийлик алсыз,сотко бере албайт
0
Apyn8793
2021-05-01 11:25:08
Туура айтат, бериш керек сотко. Миллиардтаган долларга жыгыш керек буларды ошондо окунушот бирок окунгондо поздно болуп калат тажиктерге
+5
Nurik1988
2021-05-01 11:47:08
Толотуш керек баарын эки эсе кылып
+4
nuri9999
2021-05-01 11:49:39
Туура айтат эл аралык сотко бергенге укугубуз бар! Тажиктердин кылгандарын эки эселеп кустуруп алышыбыз керек.( канчалаган адамдар уйсуз калды, куноосу жок жаш балдар олду ойлосон жанын кашайып кирерге жер тапбайсын) Бирок биздин бийликтин ошого кучу жетеби? Же ортомчулар кой десе ыы деп оозубузду ачып кала беребизби дагы...
+3
portugalia
2021-05-01 11:52:03
Беришсин сотко!
+1
Tatu_8889
2021-05-01 12:08:36
Ташиевдин "Же"деген жери бар экен.тажиктер толойт же озубуз толойбуз деди го талкаланга уйлорду.кудайым ушундай кундорду силерге да корсоткондо тообонорго таянаар бекенсинер?элди алдаганды жудда жакшы билесинер,котунорго бармак урса ол бовойт.бокмурундар.сотко беревиз деп 2таси чыкса 20тасы басат токтотот бизде.
0
Pankration_MMA
2021-05-01 16:04:02
Тажиктерди сотко берсеңрда без толк, алар уруп ойнобойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан