"Күл болуп күйдү өрүк зар, Күлкүлөр өчүп жайдары", "Баткен жерим сабыр эт, күрсүкпөгүн, Аскерлерим а силер түркүктөрүм". Баткендеги чек арага арналган ырлар

Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чырдан энелер баласыз, балдар атасыз калды. Мындай оор трагедия улуттун башына келгени ар бир Кыргыз жаранынын жүрөгү сыздап турган чагы. Дүйнөдө тынчтык болсун, энелердин көз жашы акпасын деген ураандын алдында жашаганыбызга карабай, тилекке каршы, 35 адамдын өмүрү кыйылып, жүздөгөн адамдар жаракат алды. Билимдин уясы болгон мектептер өрттөлүп, турак жайлар таланып-тонолду...

Жер жарылса акындын жүрөгү менен өтөт дегендей, бул жагдайга акындар жан дүйнөсүнөн чыккан саптарды арнап жаткан кези.

КЫРГЫЗ НАМЫСЫ
Билсең менин таштан катуу намысым,
Чегинүүгө, багынууга жол бербейт.
Манас каны тамырымда бары чын,
Бузукуга башын ийип кол бербейт!
Айрылбайын Ала-Тоомдун кутунан,
Эки көзүм жамандыгын көрбөсүн.
Тебеленип бузукунун бутунан
Ата журттун кумурскасы өлбөсүн!
Автор: Бердибек Жамгырчиев

***
Баткеним, баткенчилер, баатыр элим,
Бирөөң миң кишиге татыр элим.
Ызалуу, азалуу да, айбаттуу да,
Руху бийик, чөнтөгү жакыр элим.

Биз бул жакта бийлик деп чуркай берип,
Бирибизди бирибиз унутканбыз.
Көмөлөнүп көр дүйнө аркасынан,
Көкүрөктү, көөдөндү бүт курутканбыз.

Эч ким бизге кайрыбас өткөн чакты,
Эми бул иш баарыбызга сабак болоор.
Өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак,
Уялбасак ким билет… адат болоор.

Тарыхтан сабак алса өсөр кыргыз,
Так талашып олтурса өчөр кыргыз.
Шайлоодон шайлоого деп жашай берсек,
Шайы оогондо шарданы кетээр кыргыз.
Автор: Садык Шер-Нияз
ГҮЛДӨ БАТКЕН
Гүлдө Баткен! Гүлдөсүн өрүктөрүң,
Күндү уялтсын күлмүңдөп өнүккөнүң.
Орозодо окко учуп жан беришкен,
Гүл жыттанып уктасын шейиттериң!
Айланышты алар өчпөс жылдызыңа,
Алкыш! Алкыш! Намыстуу уул кызыңа.
Тайраңдаган аскерлери Рахмондун.
Татымакпы Кыргыздын бир кызына?
Турмушта жыгылмак бар, куламак бар.
Тушабайт кыргыздарды бул адаттар.
Көңүл кайдан жибисин көркоолорго?
Көп мусулман ичиндеги кумалактар.
Кулабайт Кыргыз бүгүн Кудайга дос,
Куласа да чатырлар, имараттар.
Сабыр эттик көргөздү жат кылыгын,
Саман тура билбеске жакшылыгың.
Чочко мүнөз өңдөнгөн башчысына,
Тарттырбайбыз мекендин таш сыныгын.
Ооруйт жүрөк, өрттөнүп ой ичтеги,
Октон сулап кыргыздын көгүчкөнү.
Ойноп тоссун бейиштен шейиттерди,
Ойноп кеткен кызыбыз он үчтөгү.
Шейиттерге дуа кыл унуткарба,
Жолдош болсун жандары улукманга.
Ызаасына чыдабай адам түгүл,
Ыйлап кирди көк асман, булуттар да!
Баткен барда мен неден түңүлөмүн?
Бакытымдай мен сага жүгүрөмүн.
Бакчасындай бейиштин кубандырат,
Бал жыттанган өрүктүн гүлү менин.
Баткен үчүн жан берүү өзү бакыт,
Баатыр шейит байкелер инилерим!
Баткен жерим сабыр эт, күрсүкпөгүн,
Аскерлерим а силер түркүктөрүм.
Мекен үчүн жан берүү өзү бакыт!
Мейкиндикти сүйүшкөн бүркүттөрүм!
Автор: Баян Акматов
КҮЛ БОЛУП КҮЙДҮ ӨРҮК ЗАР

Карышкыр сындуу карашып,
Көк кашка сууну талашып.
Кол салды Баткен элине,
Коңшулар турган жанашып.

Жаш төгүп ыйлап өрүк зар,
Жалбырак турду дирилдеп.
Жигиттер кетти окко учуп,
Жан кыйып кыргыз элим деп.

Оңбосун уруш козгогон,
Энелер турду боздогон.
Он эки жашар кыз кетти,
Оюнга такыр тойбогон.

Он гүлдөн, бир гүл ачпаган,
Жалтанып октон качпаган.
Жоокерлер кетти шейитке,
Жашоого такыр шашпаган.

Тажиктер кирип кайдагы,
Түтөдү Лейлек аймагы.
Күл болуп күйдү өрүк зар,
Күлкүлөр өчүп жайдары.

Отуз бир, өмүр кыйылды,
Ким угат элим ыйыңды?
Тарыхта калган жазылып,
Карытат бул күн кылымды.

Күүгүмгө күнүң айланып,
Күл болуп күйдү өрүк зар.
Күнөөлү болду кай тарап,
Көрүп бир турган Кудай бар.
Автор: Маматиса Абдыкаимов
УЛУУ ЭЛ

Сен улуусуң, кыргыз каны кайнаган!
Селдей күчтүү кыргыз сенин айланаң!
Сеникиндей айкөл мүнөз кимде бар?!
Сенин кыргыз жүрөгүңдөн айланам!

Сенин чокуң тиреп турат булутту,
Сенде тилек булактагы тунуктук!
Көзүңдү ач! Уктап жатат ойгот эл!
Көкүрөктө сезимиңди улуттук!

Манас өлгөн башка улут үчүнбү?
Манас жарат! Таптап кыргыз бүчүрдү!
Тоо-ташыңды коргоо үчүн душмандан,
Топто кыргыз, бир билекке күчүңдү!

Калпагыңды кадап башка сен кийип!
Калыстыкты сүйгөн кыргыз эл бийик!
Улам курчуп, улуулукту көздөгөн,
Улутсуң сен аска сүйгөн эң бийик!
Улутсуң сен аска сүйгөн эң бийик!
Автор: Эржан Байкулов

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан