Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кийинки жыйыны Кыргыз өлкөсүндө өтөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 29-30-апрель күндөрү Казань шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеште 12 суроо каралган. Андан сырткары отурумдун кезектеги жыйыны ушул жылдын 19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында өтөрү маалым болду.
Белгилей кетсек, аталган жыйынга премьер-министр Улукбек Марипов катышып келди.