Ички иштер министринин орун басары Баткендин үч айылынын тургундары менен жолугушту

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков бүгүн, 1-майда кырдаал оор болгон Лейлек районундагы Максат, Кулунду жана Интернационал айылдарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын, Улуттук коопсуздук кызматынын жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуу учурунда коомдук тартипти сактоо багытындагы бардык маселелер талкууга алынды. Жергиликтүү калк милиция менен бирдикте коомдук тартипти сактоо багытында биргелешкен иш пландар белгиленди.

"Коомдук тартипти сактоо максатында өз ыктыры менен келген элдик кошуундун мүчөлөрү менен милиция кызматкерлеринин абалды турукташтырууда ролу жогору экендиги белгиленди жана мындан ары биргеликте тартипти орнотуу маселелери талкууланды.

Учурда Баткен облусунун Лейлек районундагы абал туруктуу жана коомдук тартипти сактоо боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан