Лейлек районунун Достук айылында бүгүн, 1-майда ок атышуу болгонун жергиликтүү тургун кабарлады.
Айтымында, ок атышуунун кесепетинен жаракат алгандар бар.
"Бир аскер бутунан жаракат алды", - деди окурман.
Маалыматты тактоо үчүн саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге байланышканыбызда, ал бул тууралуу тактап жатканын, азырынча жарадар болгон жаран ооруканага түшө электигин билдирди.