Баткендеги кагылышууда курман болгон 31 жаштагы Бекзат Юлдашевдин сөөгү Исфанада жерге берилди

Баткенде чек арадагы кагылышууда курман болгон прапорщик Бекзат Юлдашевдин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу анын жакын тууганы Рохила Юлдашевага байланышканыбызда билдирди.

"Бекзаттын сөөгү бүгүн саат 10:00дө Исфана шаарында жерге берилди", - деди Юлдашева.

Ал Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында 1990-жылы 11-майда туулган.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышууда кыргыз тараптан 155 адам жаракат алып, 33 адам көз жумган.

Анын бири №2053 аскер бөлүгүнүн 3-топтун командири, капитан Нурсултан Манасбек уулу да бар эле. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Дейрес-Сай айылында туулган.

Ошондой эле дагы бир каза болгон аскер Эсентур Кубанычбек уулу. Ал Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында 1991-жылы туулган.

SUPER.KG'нин жалпы жамааты чек арадагы чырда каза болгон жарандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана аза-кайгыларын тең бөлүшөт!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан