Чүйдүн Токмок шаарында 19-октябрда саат 23:30да Фольксваген Венто маркасындагы машинанын айдоочусу 24 жаштагы К.Фархат Бишкек-Торугарт жолунда батыштан чыгышты көздөй баратып, жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Жыйынтыгында Токмоктун 29 жаштагы тургуну Ч.И. алган жаракаттарынын айынан Чүй райондук ооруканасында каза тапкан. Иш боюнча соттук-медициналык, автотехникалык экспертизалар дайындалган. Айдоочу убактылуу кармалуучу жайда.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан 21-октябрда билдиришти.