"Өзүбүздүн күч түзүмдөр Көк-Таш айылына өткөрбөй жатат" дейт аталган айылдын тургундары

Кыргыз күч түзүмдөрү жарандарды кооптуу деп Көк-Таш айылына киргизбей жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге жергиликтүү тургундар билдирди.

Белгилүү болгондой, бир нече жаран өздөрү жашаган айылга өтө албай, Баткен шаары менен Көк-Таш айылынын ортосунда турушат.

"Көк-Ташка барсак унаалар өтүп жаткан, биз баргандан аз убакыттан кийин бир жүк ташуучу унаа менен балдар жана аялдарды алып келишти. Андан кийин жол жабылды деп эч кимди өткөрбөй коюшту", - деди тургундардын бири.

"Жеке-Терек айылында 17 үй болсо баарын өрттөп алышты. Жол каттамы токтоду. Бийликтегилер жолду ачышы керек", - деди чогулгандардын дагы бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-5
2021-05-01 14:40:15
Жетекчилерди угуш зарыл азыркы учурда Аларда сиздин биздин коопсуздукту ойлоп кырдаалга жараша чечим кабыл алып жатат. Кечээ өз билемдик менен барган жаштар окко кырылды.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан