
Ош шаарындагы Увам каналына 30-апрель күнү түшкө жуук сууга түшүп кеткен 2019-жылы туулган наристенин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Ош шаардык Куткаруу кызматынан жалпы 14 куткаруучу жана ИИМден 7 кызматкер тартылып, баланын сөөгүн суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.