Биз социалдык тармакта

Баткен ОИИБи: "Гуманитардык жардам алып бара жаткандарга тажиктер кол салып, 18 адам каза болду" деген маалымат фейк"

Социалдык тармактарга Баткен облусуна гуманитардык жардам алып бара жаткан кыргыздарга тажиктер кол салганы айтылды. Анда жүк алып бара жаткандар тамактануучу жайга токтоп, чай ичип алалы деп жатканда кол салуу болгону, 18 адам каза болгону жана гуманитардык жүктү тажиктер алып кеткени жазылат.

Бул боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан жогорудагы билдирүү чындыкка дал келбей турганын белгиледи.

"Бүгүн, 1-майда социалдык тармактарга “Лейлек районуна гуманитардык жүк алып бара жаткан 18 жаранды тажик тарап атып кетти” деген туура эмес маалымат тарап жатат. Бул маалыматты тактаганыбызда жалган экени аныкталды. Баткен, Лейлек РИИБинде мындай маалымат катталган эмес. Урматтуу жарандар, социалдык тармактарда жарыяланып жаткан ар бир маалымат далилдүү фактыларга негизделиши керек. Туура эмес, такталбаган маалыматтарды таркатуудан алыс болуңуздар", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
elmira.
2021-05-01 17:53:48
Ошондой эле болсунчу
+4
EddieNigma
2021-05-01 17:55:47
Тажаттыго диванный жоокерлер, фейк таратыштан башка эч нерсени билишпейт.
+5
Arslan11
2021-05-01 18:17:21
Фейк емес туптуура болуш мүмкүн менда Баткенден досторумдон уктум согуш уже башталды Тажикстан келишимден баш тарткан екен кече еле
0
Sheikh-9
2021-05-01 18:43:03
Эч кандай фейк эмес видео келди даана корунуп туратго
+1
Aidan_Ek
2021-05-01 19:28:58
Чын эле окшойт, Кара-Кулжадан продукта жеткирип барган бир киши олугу келиптир.
+1
azizaziz
2021-05-01 19:32:39
Туура эле маалымат, аны жаап жашыруунун кереги жок. Гум жардам жеткирген водитель Айдаркен шаарынан болот Кыргызстандын сааты боюнча 16:00дө жерге берилди, калп бул маалымат дегендер ошол каза болгон водительдин үйүнө барса толук маалымат ала алышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан