Баткен ОИИБи тажиктер тарабынан жабылган Ош-Исфана жолу кайрадан ачылганын маалымдады

Бүгүн, 1-майда Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылында Баткен ОИИБинин начальниги, милициянын полковниги Мурат Боронов, Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев Согдий ОИИБинин начальниги, милициянын генерал-майору Абдулло Навжувонов менен жолугушуп, чек ара аймактарындагы болуп жаткан абалды турукташтыруу максатында сүйлөштү.

Чек аралаш аймактардагы жарандардын коопсуздугун сактап, коомдук тартипти жөнгө келтирип, укук бузуулардын алдын алуу боюнча маселелерди талкуулады.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Жака-Өрүк участкасы аркылуу өтүүчү Ош-Исфана унаа жолу тажиктер тарабынан жабылган жол ачылды. Маалымат Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы тарабынан маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Samash-87
2021-05-01 18:13:56
Кыргызстандын ичине кирип келип жолдорду жаап алгыча оозунарды ачып отура бергиле Бул кетиште эртен Бишкекке кирип барганда, эсинерге келесинерби
+8
KGZ-RUS
2021-05-01 18:15:00
Ишенбегиле таджиктер алдап атат
+8
Sheikh-9
2021-05-01 18:16:25
Ачтык деп откон машынды аткылап жатыптыр
+9
SHaidulda
2021-05-01 18:16:41
Бул азыр тынчтандырып койгон да убактылуу кайра эле баштайт алар дагы
+8
Nurtoruk
2021-05-01 18:20:44
Алар кандайча Ош Исфана жолун жатышат же через Тажикстан ототпу жол
+3
Elaman0693
2021-05-01 18:34:43
Nurtoruk, Мадумаров Берген ушул жол
-3
TIMON_BERKOWITZ
2021-05-01 18:29:00
США - мы воевели чтобы враг не приближался к нам!
Россия - мы воевали потому что враг приближался к нам!
Кыргызстан - мы не воевали потому что враг приближался к нам!
0
Elaman0693
2021-05-01 18:33:21
Ушул шагыл тогулгон жолду Мадумаров саткан. Дал ушул жер! 275 метр
-3
Jaraisyn
2021-05-01 18:44:57
Урматтуу калайык калк, баткенде турган аскердерди, акырын гражданский кийгизип, куралы менен спринтерлерге салып Лейлекке өткөрүп жибериш керек ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып. Аскердик техникалар өтө албайт баары бир, анткени алар көрсө дагы кооптуу абал жаралат. Биз деле куулук кылсак болот. Аралыгын 2, 3 сааттан кылып күчтү өткөрүш керек. Билип болбойт бул касамкорлор эртең кайра жаап кое берет. Ишенбеш керек
+1
Jaraisyn
2021-05-01 19:03:12
Гуманитардык жардамдарды, дары-дармектерди аскер күчтөрдү, ок дарыларды, жашынып контрабанда кылып жүргөн специалист жигиттер иштесин эми, өткөрүш керек Лейлекке. Делимитация, демаркация иштеринде карап тургула эми, тажик тарап өз пайдасына чечилбесе, дароо төрт көчөнү жабат. Бул нерсе али чечилбеди. Эми 1 ай биз даярданышыбыз керек. Бирок тымызын, сүрөт видеосуз секрет кылып. Дайым даяр туруш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан