
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал тууралуу акыркы саатка алынган маалымат таратты. Ага ылайык, мамлекеттик чек ара аймагындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Мекемеден билдиргендей, маалымат саат 18:15ке карата алынды.
Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына ылайык, тараптар биргеликте аймактарга кароо жүргүзүп баштады.
Ошондой эле Ош-Исфана унаа жолу ачылды. Аталган унаа жол Баткен облусунун Жака-Өрүк аймагынан өтөт.