Кыргыз-Тажик чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдан улам жалпы 51 миң 398 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланды. Маалымат бүгүн, 1-май саат 19:00гө карата алынды.
Социалдык объекттерге көчүрүлгөн энелердин, кыз-келиндердин, наристелердин сүрөттөрү интернет желесине жарыяланды. Андан алаканын жайып, көз жашын тамчылатып отурган, муңга, кайгыга баткан аялзатын, балдар, кыздарды көрүүгө болот. Сүрөттөр көпчүлүктү таасирлентип жатканын окурмандардын калтырган пикирлеринен баамдаса болот.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр 29-апрелде таңга маал курчуп, куралдуу жаңжалга айланган. Анын кесепетинен жалпы 174 адам жаракат алып, анын 34ү каза болду. Мындан улам 1-2-май Кыргыз өлкөсүндө улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.