Коопсуздук кеңешинин катчылыгы саат 22:00гө карата Баткен облусунда абал туруктуу экенин маалымдайт.
Мекемеден Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өткөнүн белгиледи.
"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, аймактардагы куралдуу күчтөрдү баштапкы ордуна кайтаруу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топ ишин эртең, 2-майда саат 08:00дө (тажик убактысы менен 07:00дө) баштайт.
Баткендеги абал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө", - деп айтылат кабарда.