Биз социалдык тармакта

Лейлек районунун тургундары айылдарда абал турукташа баштаганын айтышты

Баткен облусунун Лейлек районунун тургундары аймактагы абал боюнча видео кайрылуу жасашты. Анда топтолгондор Кулунду айылында абал саат 22:00дө турукташа баштаганын, тажиктер техникаларын алып чыгып кетип жатканын айтышат.

"Кулунду, Жаңы-Жер айылында дагы абал турукташа баштады. Коңшу тажиктер техникаларын чыгарып кетип жатышат. Эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитеттеринин төрагаларынын жолугушуусунан кийин абал турукташа баштады. Мындан ары да туруктуу болот деп ишенебиз. Гуманитардык жардам жиберип, колдоо көрсөтүп, кабатыр болуп жатканыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Ар кайсы аймактардан Баткенге келебиз дегендер жолго чыкпай эле койсоңуздар болот, бийлик өкүлдөрү маселени чечип жатышат", - дешет алар кайрылуусунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslan_akjol89
2021-05-02 01:07:10
Атайын айттырып жаткан болбосун да.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан