Бишкектеги тойканалардын биринде 1-май күнү белгилүү акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун жылдык, ашы өттү.
Таң эртеден акындын замандаштары, санаалаштары, достору, жакын туугандары жана үй-бүлөсү бейитине чыгып куран окуп эскеришти. Жылдык, ашына бир топ өнөр адамдарынын жоон тобу, ошондой эле акындын талантын сыйлаган инсандар келишти.
Зайырбек Ажыматовдун артында 2 уул, 2 кызы калды.
Эске салсак, белгилүү акын өткөн жылы 44 жаш курагында 29-апрелде мезгилсиз дүйнө салган.