Биз социалдык тармакта

Маданият кызматкерлери Баткендин тургундарына көңүл айтып, бир күндүк маянасын которот

Маданият, китепкана, музей, кино жана спорт ишмерлери элди ынтымакка чакырып, Баткендин тургундарына көңүл айтты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, 1-майда театр оюн-зоок мекемелеринин өкүлдөрү Баткен жеринде болуп жаткан окуяга элди ынтымакка жана сабырдуулукка чакырып флешмоб өткөрдү. Ага Кыргыз Республикасынын Эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттер жана белгилүү актёр, актрисалар да катышты.
Ошондой эле министрликтин жана бардык тармактык бөлүмдөрдүн Баткен облусунун чек ара аймактарында болуп өткөн соңку окуяларда жабыркаган жарандарга жардам иретинде бир күндүк маянасын которушат.
Мындай чечим учурдагы Баткен облусундагы жаралган кырдаалда кыргыз элинин биригип, бири-бирине жардам көрсөтүп, ынтымакты сактоо жана бекемдөө максатында кабыл алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-05-02 02:08:55
Бечаралардын айлыгы канча болду экен, 10миңдеп алгандар которсо болот эле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан