
Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу жыйынтыкталды. 2-майга караган түнү саат 2:00дө протоколго кол коюлду.
Мындай билдирүүсүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов жазып чыкты. Ал билдирүүсүнүн алдына эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттеринин төрагаларынын протоколго кол коюп жаткан видеосу менен бөлүштү.