UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышуу боюнча өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
"Биздин элдерге тынчтык жана сүйүү!", - деп жазып, эки элдин желеги жана кармашып турган колдор менен сүрөт жүктөдү Шевченко.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 173 адам жаракат алып, 34 адам каза болду. Бүгүн, 2-майга карата Баткенде абал туруктуу.