Биз социалдык тармакта

Чек ара кызматы: "Саат 9:30га карата чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал туруктуу"

Бүгүн, 2-май саат 9:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-майга караган түнү эч кандай ок атышуу катталган жок. Ош-Исфана унаа жолунда унаалардын кыймылы тоскоолдуксуз жүрүүдө.

"Келишимдерди ишке ашыруу боюнча комиссиянын иш-аракеттерин координациялоо жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү Кыргыз өлкөсү тарабынан чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары полковник Уларбек Шаршеев ишке ашырат", - деп билдиришти чек ара кызматынын басма сөз кызматынан.

Учурда чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде нөөмөттө турганын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан