"Ворух, биз сени менен!". Орусиялык белгилүү блогер Тажикстанды колдоп чыгып, кийин кечирим сурады (видео)

Социалдык тармактарда орусиялык белгилүү блогер Асхаб Тамаевдин Тажикстанды колдоп чыккан видеосу тарады.

Видеодо ал Тажикстандын улуттук кийимин кийип, "Тажикстан, Ворух, биз силер менен. Өзүңөрдү колго алгыла" деген.

Кийинчерээк Тамаев видео боюнча өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди. Айтымында ал эки элдин ортосунда кагылышуу орун алганын билген эмес.

"Биз видео тартып жатканда Тажикстандын улуттук кийимин кийген адам мага келип, Асхаб, сен Ворухка салам айтып коё аласыңбы деди. Мен түшүнбөй, Ворух ал эмне деп сурадым. Ал мага "Тажикстанда трагедия болгон айыл, чын дилиңден колдоп койчу" деп айтты. Көрсө, алардын ортосунда башка өлкө менен кагылышуу болуптур. Мен муну чындыгында билген эмесмин. Кимди капа кылган болсом кечирип коюуңуздар. Мен тынчтык жана жакшылык тараптамын", - деп түшүндүрмө берди Тамаев.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 173 адам жаракат алып, 34 адам каза болду. Бүгүн, 2-майга карата Баткенде абал туруктуу.

Орусиялык блогер Тажикстанды колдоду
Асхаб Тамаев түшүндүрмө берди
Асхаб Тамаев кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
EddieNigma
2021-05-02 10:41:03
Ишенбейм! Тажиктер менен чечендер 90-жылдары дос болуп алышкан, бири-бирине согушта жардам беришип.
+25
bond02
2021-05-02 11:09:05
Бул химия кечээ Точикистон деген топу кийип журот эле го чапаны менен.
+14
Apyn8793
2021-05-02 11:14:22
Инстага кирип Тамаев деп издеп Пожаловать кылгыла жердештер. Канчалык коп жалоб болсо Инста заблокировать кылат
+22
PFC-CSKA
2021-05-02 11:16:33
Эгер Асхабтын айканы чын болсо чын эле подстава болгон болсо анда билип ал ошол сени подстава кылган таджик жалгыз ошондой эмес бул лолулор булар Аллахтын каарына калган айбандар булар рахмонунан баштап ымыркайына чейин араам эч бир мурда кылган жакшылыктарды тушунбогон кийинкисин да ойлобогон сасык калк.
+21
Gulizaa
2021-05-02 11:44:53
Атайын кылган бул акмак, пожаловать кылалы элдер
+16
Gulina90
2021-05-02 15:01:12
Оол эшек башы жок
+2
Dembele84
2021-05-02 17:49:17
Тажиктер менен дос болбой эле кысым корсотуш керек.Булар жакшылыкты билбеген мал калк!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан